Эгер силер азанчыны уксаңар анын айтканын айткыла, андан соң мага салават айткыла. Анткени ким мага бир салават айтса, анда Аллах ал себептен ага он салават айтат. Андан кийин мага Аллахтан васила (10) сурагыла. Анткени ал васила бейиштеги улуу макам. Ал макам бир гана Аллахтын кулуна ылайыктуу. Ал мен болом деп үмүттөнөм. Ошондуктан ким мен үчүн васила сураса, ага шапаат уруксат болот
Choose an available translation of this Hadeeth
Hadeeth text
Абдулла бин Амр бин Аль-Аас (Аллах ал экөөнөн ыраазы болсун) риваят кылган хадисте ал Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай дегенин укту: "Эгер силер азанчыны уксаңар анын айтканын айткыла, андан соң мага салават айткыла. Анткени ким мага бир салават айтса, анда Аллах ал себептен ага он салават айтат. Андан кийин мага Аллахтан васила (10) сурагыла. Анткени ал васила бейиштеги улуу макам. Ал макам бир гана Аллахтын кулуна ылайыктуу. Ал мен болом деп үмүттөнөм. Ошондуктан ким мен үчүн васила сураса, ага шапаат уруксат болот".
Explanation
Андан кийин Пайгамбар(ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үчүн Аллахтан васила суроону буйруду. Ал бейиштеги улуу макам. Ал бейиштин эң бийик даражасы. Бул орун Аллах Тааланын бардык пенделеринен бир пендесине гана ылайыктуу. Ал менмин деп үмүттөнөм. Бирок Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аны кичипейилдиктен айтты. Анткени бул жогорку даража бир гана адамга таандык болсо, анда ал бир адам андан башка эч ким боло албайт. Анткени, ал Пайгамбар адам затынын эң абзели.
Андан кийин Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ким Пайгамбар үчүн васила сурап дуба кылса, анда ал Пайгамбардын шапаатына ээ болот деп түшүндүрдү.
Benefits
Азанчыга жооп бергенден кийин Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) салават айтуунун пазилети чоң.
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) салават айткандан кийин ал үчүн васила суроого үндөдү.
Аллахтын бир гана пендесине ылайыктуу болгон василанын маанисин жана анын даражасын улуулугун баяндап жатат.
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ошол жогорку даражага ээ болгондугунун пазилетин түшүндүрүп жатат.
Ким Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үчүн васила сурап дуба кылса, анда ал Пайгамбардын шапаатына ээ болот.
Бул бейиштеги бийик даража анын макамы болсо да ал ушундай даражага жетүү үчүн өзүнүн үммөтүнөн дуба кылуусун суранганы анын кичипейилдигин баяндайт.
Аллахтын пазилети жана ырайымы кенен. Ошондуктан бир жакшылык он эсе көбөйтүлүп берилет.
Attribution
Categories
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

