Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдан, укканымдын бардыгын жаттагым келип жаза берчүмүн. Ошондо Курайштыктар мени тыйып: "Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдан, эшиткениңдин баарын жаза бересиңби? Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, да пенде, кээде ачууланып, кээде ыраазы болуп сүйлөйт го" - дешти. Ошондо мен жазууну токтоттум да аны Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламга, айттым. Ал сөөмөйү менен оозун көрсөтүп: "Жаз, анткени менин жаным колунда болгон Затка ант болсун! Мындан акыйкаттан башка эч нерсе чыкпайт" - деди. @
Choose an available translation of this Hadeeth
Hadeeth text
Абдулла бин Амр, радыяллаху анху, риваят кылат: Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдан, укканымдын бардыгын жаттагым келип жаза берчүмүн. Ошондо Курайштыктар мени тыйып: "Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдан, эшиткениңдин баарын жаза бересиңби? Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, да пенде, кээде ачууланып, кээде ыраазы болуп сүйлөйт го" - дешти. Ошондо мен жазууну токтоттум да аны Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламга, айттым. Ал сөөмөйү менен оозун көрсөтүп: "Жаз, анткени менин жаным колунда болгон Затка ант болсун! Мындан акыйкаттан башка эч нерсе чыкпайт" - деди.
Explanation
Ошондо мен Пайгамбарга, саллаллаху алейхи уа салламга, алардын айткандарын айттым. Ал сөөмөйү менен оозун көрсөтүп: "Жаз, анткени менин жаным колунда болгон Затка ант болсун! Мындан бардык абалда, ачууланып турган абалда да, ыраазы болуп турган абалда да, акыйкаттан башка эч нерсе чыкпайт" - деди.
Чындыганда, Аллах Таала Өзүнүн пайгамбары, саллаллаху алейхи уа саллам, жөнүндө мындай деген: "Ал өз каалоосу менен сүйлөбөйт. Чындыгында, ал (сүйлөгөн нерсе)
түшүрүлгөн вахийден (8) башка нерсе эмес".
Benefits
Сахабалар, Аллах алардан ыраазы болсун, сүннөттү жаттап, аларды жеткирүүгө ынтызар болушкан.
Бир ишти бекемдеп ырастоодо да ант ичүүгө болот.
Илимди жазуу - илимди сактоонун эң маанилүү себептеринин бири.
Attribution
Categories
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

