HadeethEnc · 1.27.0
Аллах Өзүнүн өкүмдөрү так аткарылышын жакшы көргөндөй эле, Өзү берген уруксаттардын аткарылышын жакшы көрөт
Available translations
Choose an available translation of this Hadeeth
01
Hadeeth text
Ибн Аббас (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Аллах Өзүнүн өкүмдөрү так аткарылышын жакшы көргөндөй эле, Өзү берген уруксаттардын аткарылышын жакшы көрөт».
02
Explanation
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп кабарлайт: Адамдардын үзүрлүү болгондугунун себебинен аларга жеңилдетүү үчүн Аллах койгон өкүмдөрдөгү жана ибадаттардагы уруксаттарынын аткарылышын жакшы көрөт. Мисалы, сапарда намаздарды кыскартып жана бириктирип окулган уруксаттарын аткарылышын жакшы көрөт. Ошондой эле Аллах парз жана важиб өкүмдөрүнүн так аткарылышын жакшы көрөт. Анткени уруксаттардагы жана милдет өкүмдөрдөгү буйруктары бир.
03
Benefits
Аллах Тааланын пенделерине болгон ырайымынын бири - Өзү уруксат кылган жеңилдиктердин аткарылуусун жакшы көрүүсү.
Ислам шариятынын толуктугу жана кемчиликсиздиги. Анткени мусулман адамга кандай гана кыйынчылыктар болсо, аны шарият жеңилдетет.
Ислам шариятынын толуктугу жана кемчиликсиздиги. Анткени мусулман адамга кандай гана кыйынчылыктар болсо, аны шарият жеңилдетет.
Attribution
[Ибн Хаббан жазып калтырган]
Categories
Share
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

