Күндөрдүн биринде Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен Уфайр аттуу эшектин үстүндө учкашып бара жаткам. Ошондо Пайгамбар айтты: "Эй, Муаз! Сен пенделердин Аллахка болгон акыларын жана Аллахтын пенделерине болгон акысын билесиңби?" - деп сурады. Мен: "Аллах жана Анын Элчиси жакшы билет" - деп айттым. Ал: "Пенделердин Аллахка болгон акылары - жалгыз Ага гана сыйынуулары жана Ага эч кимди шерик кылбоосу - деп айтты. Ошондой эле Аллахтын пенделерине болгон акысы - ал Өзүнө шерик кошпогон пендесин азапка салбоосу" - деди. Мен: "О, Аллахтын Элчиси! Мен бул кабарды элге айтып сүйүнчүлөсөм кандай?" - дедим. Ал: "Аларды сүйүнчүлөбөй эле кой. Андай кылсаң алар ушуга таянып алышат"* - деп айтты.@
Choose an available translation of this Hadeeth
Hadeeth text
Муаз (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат: Күндөрдүн биринде Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен Уфайр аттуу эшектин үстүндө учкашып бара жаткам. Ошондо Пайгамбар айтты: "Эй, Муаз! Сен пенделердин Аллахка болгон акыларын жана Аллахтын пенделерине болгон акысын билесиңби?" - деп сурады. Мен: "Аллах жана Анын Элчиси жакшы билет" - деп айттым. Ал: "Пенделердин Аллахка болгон акылары - жалгыз Ага гана сыйынуулары жана Ага эч кимди шерик кылбоосу - деп айтты. Ошондой эле Аллахтын пенделерине болгон акысы - ал Өзүнө шерик кошпогон пендесин азапка салбоосу" - деди. Мен: "О, Аллахтын Элчиси! Мен бул кабарды элге айтып сүйүнчүлөсөм кандай?" - дедим. Ал: "Аларды сүйүнчүлөбөй эле кой. Андай кылсаң алар ушуга таянып алышат" - деп айтты.
Explanation
Benefits
Аллах Өзүнүн пазилети жана жакшылыгы менен Өзүнө милдет кылган пенделеринин акысы - аларды эч бир азапка салбай бейишке киргизүү
Бул хадисте Аллах Таалага эч нерсени шерик кошпогон муваххидтерге, алардын акыбети бейишке кирүү экендигине чоң сүйүнчү бар.
Бул хадисти Муаз (Аллах андан ыраазы болсун) өлөр алдында айткан. Анткени ал илимди жашыруу күнөөсүнөн коркуп элге айткан.
Сөзсүз аткарыла турган өкүмдөрдү жана шарияттын чектерин камтыбаган кээ бир хадистерди анын маанисин түшүнбөгөн адамдар башкача мааниде түшүнүп алуусунан коркуп, кээ бир адамдарга айтпаса болот.
Ал эми күнөөкөр муваххидтер Аллахтын каалоосунун астында. Ал кааласа азаптайт, кааласа кечирет. Бирок алардын акыркы бара турган жайы бейиш болот.
Attribution
Categories
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

