Адамдарда каапырлыктын белгилеринен болгон эки белги бар: Ата-текти кемсинтүү жана өлүккө өкүрүп ыйлоо
Choose an available translation of this Hadeeth
Hadeeth text
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Адамдарда каапырлыктын белгилеринен болгон эки белги бар: Ата-текти кемсинтүү жана өлүккө өкүрүп ыйлоо".
Explanation
Биринчиси: Адамдардын тегин кемсинтип, аларды басынтып, текеберлик кылуу.
Экинчиси: өлүм болгондо тагдырга нааразы болуп, үнүн көтөрүп өкүрүп ыйлоо, же сабырсыздыктан улам кийимин тытып ыйлоо.
Benefits
Жоготуу кайгысы болгондо сабыр кылып, тагдырга ачууланбоо важыб.
Бул иштер кичине каапырлыктан, буларды кылган адам каапыр боло турган каапырлыктын бир бутагын кылган болуп эсептелбейт. Адамды диинден чыгара турган каапырлык бул чоң каапырлык болот.
Ислам дини мусулмандардын ортосунда бөлүнүүгө алып келе турган бардык иштен тыят. Мисалы, тегин кемсинтүү ж.б.у.с.
Attribution
Categories
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

