Кимде-ким: Аллахтын аты менен баштаймын. Анын аты менен башталган нерсеге жер бетинде да, асманда да эч ким зыян жеткире албайт. Ал Угуучу, Билүүчү" деп үч жолу айтса, таң атканга чейин ага кокустан балээ-кырсык келбейт
Choose an available translation of this Hadeeth
Hadeeth text
Абан бин Усман айтат: Усман бин Аффан (Аллах андан ыраазы болсун) Аллахтын элчисинен уктум деп бул хадисти айтып жатканын уктум: "Кимде-ким: Аллахтын аты менен баштаймын. Анын аты менен башталган нерсеге жер бетинде да, асманда да эч ким зыян жеткире албайт. Ал Угуучу, Билүүчү" деп үч жолу айтса, таң атканга чейин ага кокустан балээ-кырсык келбейт. Кимде-ким бул дубаны таң атканда үч жолу айтса, кеч киргенге чейин ага кокустан балээ-кырсык келбейт". Кийин Абан бин Усман шал оорусу менен ооруп калды. Андан жогорудагы хадисти уккан бир киши аны суроолуу карап калды. Усман ага: Сага эмне болду, мени таңыркап карайсың? Аллахка ант болсун, мага Усман бин Аффан жалган айткан эмес. Усманга да пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жалган айткан эмес. Болгону, мага ушул балээ келген күнү мен (бирөөгө) ачууланып, жогорудагы дубаны айтпай унутуп калыпмын - деди.
Explanation
Кимде-ким бул дубаны кечинде айтса, таң атканга чейин ага кокустук балээлер келбейт. Ал эми ким таң эрте айтса, кеч киргенге чейин ага кокустук балээлер келбейт.
Кийин бул хадисти айтып өткөргөн Абан бин Усманга шал оорусу тиет. Шал оорусу дегени, адамдын бир жак ыптасы иштебей калат. Ошондо андан жогорудагы хадисти уккан кишилердин бири аны таң калып карайт. Усман ага: Неге таң калып карайсың?! Аллахка ант болсун, мен Усмандан жалган нерсени айткан жокмун. Усман да пайгамбардан жалган нерсени айткан жок. Болгону, мага ушул оору тийген күнү Аллах Таала бул дубаны айтууну тагдырыма жазбаптыр. Мен бир нерсеге ачууланып, бул сөздөрдү айтууну унутуп калыпмын - деди.
Benefits
Мурдагы өткөн мусулмандардын Аллахка болгон ишеними бекем жана Аллахтын элчисинин айтканын тастыктоосу күчтүү болгон.
Эртең менен жана кечинде зикир кылып туруунун бир пайдасы - мусулманды кайдыгерликтен ойготуп, ага дайыма Аллахтын кулу экендигин эскертип турат.
Зикирдин таасири зикир кылган адамдын ыйманынын бекемдигине, берилүүсүнө жана ыкласына жараша болот.
Attribution
Categories
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

