HadeethEnc · 1.27.0
Ким төлгөчүгө барып андан бир нерсе тууралуу сураса, кырк күнгө чейин анын намазы кабыл болбойт
Available translations
Choose an available translation of this Hadeeth
01
Hadeeth text
Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аялдарынын биринин риваятында, пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Ким төлгөчүгө барып андан бир нерсе тууралуу сураса, кырк күнгө чейин анын намазы кабыл болбойт".
02
Explanation
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төлгөчүгө барууга болбостугун эскерткен. Төлгөчү дегени, көзү ачык, жылдыз кароочу, пал ачуучу ж.б. ушундайларды пайдаланып кайыпты билерине далил кылган адамдардын жалпы аталышы. Мындайлардан кайып ишти бир эле жолу сурап койсо, Аллах Таала сураган кишини кырк күндүк намазынын сообунан куру калтырат, бул анын ушундай чоң күнөөгө барганынын акыбети.
03
Benefits
Көзү ачыктык кылуу жана ага барып кайыпты суроо тыюу салынган арам иш.
Кылган күнөөсү себептүү адам жакшы амалдарынын сооп-сыйынан куру калышы мүмкүн.
Жылдыз төлгөсү деп аталган төлгө жана ага кароо, ошондой эле алаканга, чыныга жөн эле кызыгып кароо да ушул хадистин ичине кирет. Анткени мунун баары көзү ачыктыкка жана кайып илимин билем дегендикке жатат.
Төлгөчүгө баруунун эле жазасы ушундай болсо, анда төлгөчүнүн өзүнүн жазасы кандай болорун ойлоп көр?
Кырк күндүк намаз окулган болуп эсептелет, анын казасы окулбайт, бирок сообу болбойт.

Attribution
[Муслим жазып калтырган]
Categories
Share
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares