Кимде-ким (башчыларга) баш ийүүсүнөн тайып, жамааттан бөлүнүп өлсө, ал жахилияттын өлүмү менен өлөт. Ким сокур желектин астында согушса, уруусу же улуту үчүн өзгөчө катуу берилип ачууланса, же улутчулдукка чакырса, же аларга жардам берип жүрүп өлсө, анда жахилият өлүмү менен өлөт. Ким менин үммөтүмө каршы чыкса, салихине да, бузукусуна да сокку урса жана ыймандууларды (өлтүрүү азабынан) коркпосо жана берилген убаданы аткарбаса, анда ал менден эмес жана мен андан эмесмин
Choose an available translation of this Hadeeth
Hadeeth text
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Кимде-ким (башчыларга) баш ийүүсүнөн тайып, жамааттан бөлүнүп өлсө, ал жахилияттын өлүмү менен өлөт. Ким сокур желектин астында согушса, уруусу же улуту үчүн өзгөчө катуу берилип ачууланса, же улутчулдукка чакырса, же аларга жардам берип жүрүп өлсө, анда жахилият өлүмү менен өлөт. Ким менин үммөтүмө каршы чыкса, салихине да, бузукусуна да сокку урса жана ыймандууларды (өлтүрүү азабынан) коркпосо жана берилген убаданы аткарбаса, анда ал менден эмес жана мен андан эмесмин".
Explanation
Жана Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чындыктын жүзү ачык көрүнбөгөн туунун астында согушкан, дин жана чындык үчүн эмес, өз элине же уруусуна өзгөчө катуу берилгендерге ачууланарын кабар берди. Алар көрөгөчтүгү жана илими жок, өз элине же уруусуна өзгөчө катуу берилип согушат. Эгер алар ошол абалда өлтүрүлсө, жахилият элинин өлүмүндөй өлөт.
Кимде-ким Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үммөтүнө каршы чыкса, анын салих жана бузуку элине сокку урса, кылган иштерине маани бербесе жана ыймандууларды өлтүрүү азабынан коркпосо жана каапырлар же башчылар менен болгон келишимин аткарбаса, тескерисинче ал келишимди бузса, анда анын бул кылганы чоң күнөөлөрдүн бири болуп саналат. Ким аны кылса, анда ал катуу азапка татыктуу болот.
Benefits
Хадисте башчыга баш ийүүдөн тайып, мусулман коомунан бөлүнүп кеткендерге катуу эскертүү камтылган. Эгер алар ушул абалда өлсө, жахилият элинин жолунда өлөт.
Хадисте уруусу үчүн өзгөчө катуу берилип согушуудан тыйды.
Убадаларды аткаруу важиб.
Жамаатка моюн сунууда жана ар дайым жамаат менен болууда көп жакшылык, коопсуздук, бейпилдик жана жакшы шарттар бар.
Жахилият элинин абалдарына окшошуп калуудан тыюу бар.
Ар дайым мусулман жамааты менен болууга буюрулган.
Attribution
Categories
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

