Бир адам Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Мусулманчылыктын жакшысы кандай болот?" - деп сурады эле, ал: Муктаждарды тойгузасың, таанышка да, бейтаанышка да салам айтасың" - деди
Choose an available translation of this Hadeeth
Hadeeth text
Абдуллах бин Амр (Аллах алардан ыраазы болсун) айтат: Бир адам Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Мусулманчылыктын жакшысы кандай болот?" - деп сурады эле, ал: Муктаждарды тойгузасың, таанышка да, бейтаанышка да салам айтасың" - деди.
Explanation
Биринчиси: жакыр адамдарды көбүрөөк тамактандыруу. Буга садага кылуу, белек берүү, конок тосуу, той кылуу, ж.б. кирет. Айрыкча кымбатчылык жана ачарчылык учурларда адамдарга тамак берүү артыкча (сооптуу) болот.
Экинчиси: бардык мусулмандарга, аларды таанысаң да, тааныбасаң да салам айтуу.
Benefits
Салам жана тоюндуруу Исламдагы эң абзел иштерден; артыкчылыктуу болгону жана адамдар бул эки нерсеге дайыма муктаж болуп турганы үчүн.
Бул эки өзгөчө иш аркылуу амалга да, сөзгө да тиешелүү жакшылыктар ишке ашат, жакшылыктын эң артыгы тил жана амал менен болгону.
Бул өзгөчө иштер мусулмандардын бири-бири менен болгон мамилесине тиешелүү, мындан башка Аллах менен пенденин ортосундагы мамилеге тиешелүү да өзгөчө иштер бар.
Саламды озунуп биринчи айтуу мусулмандарга гана тиешелүү, а эгер мусулман эмес адамга жолукса, ага озунуп салам айтууга болбойт.
Attribution
Categories
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

