HadeethEnc · 1.27.0
Аллах таала үчүн дубадан артык эч нерсе жок
Available translations
Choose an available translation of this Hadeeth
01
Hadeeth text
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Аллах таала үчүн дубадан артык эч нерсе жок».
02
Explanation
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ибадаттарда Аллах Тааланын алдында дубадан артык эч нерсе жок экенин баяндады. Анткени Аллахка дуба кылууда Аллахтын эч кимге муктаж эместигин, пенде алсыз экенин жана пенде Аллахка муктаж экендиги билинет.
03
Benefits
Дуба кылуунун пазилети чоң. Кимде-ким Аллахка дуба кылса, анда ал Аллахты улуктайт, Анын муктаж эмес экенин жана муктажга дуба кылынбастыгын тастыктайт. Жана Ал Аллах Угуучу, ошондуктан дүлөйгө дуба кылынбастыгын тастыктайт. Ал Аллах Берешен, ошондуктан сараңга дуба кылынбастыгын тастыктайт. Ал Аллах Мээримдүү, ошондуктан таш-боорго дуба кылынбастыгын тастыктайт. Ал Кудуреттүү, ошондуктан алсызга дуба кылынбастыгын тастыктайт. Ал Аллах баарына жакын, ошондуктан алыстагылар укпастыгын ж.б. Аллахтын улуулугун жана Аллахтын сулуулугун сыпаттаган сыпаттарын тастыктайт.
Attribution
[Ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган]
Categories
Share
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

