Күчтүү момун алсыз момунга караганда Аллахка жакшыраак жана сүйүктүүрөөк. Алардын экөөсүндө тең жакшылык бар
Choose an available translation of this Hadeeth
Hadeeth text
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: «Күчтүү момун алсыз момунга караганда Аллахка жакшыраак жана сүйүктүүрөөк. Алардын экөөсүндө тең жакшылык бар. Өзүңө пайдалуу болгон нерсеге умтул, Аллахтан жардам сура, жана алсыз болбо. Эгер сага бир кайгы-капа жетсе: « Эгер тигиндей кылсам, мындай болоор эле»-деп айтпа». Аллах тагдыр кылыптыр. Ал Өз каалаганын жасайт «-дегиле. Анткени, «Эгер» деген сөз шайтандын амалдарына жол ачат»
Explanation
Benefits
Иш-амалдарда күчтүү болуу жакшы; анткени, күчтүүлүк менен алсыз адам жетпеген пайдаларга жете алат.
Инсан өзүнө пайдалуу иштерге аракет кылып, пайдасыз иштерди таштоосу керек.
Ыймандуу адам өзүнө таянбастан, бардык иштеринде Аллахтын көмөгүн сурануусу керек.
Каза жана кадардын бар экени анык, бул жакшы иштерге аракет кылууга жана себептерди аткарууга каршы келбейт.
Кыйынчылыкка кабылганда нааразыланып: "эгер" деген сөздү айтуудан тыйган жана Аллахтын каза, кадарына каршы болуунун арамдыгын айткан.
Attribution
Categories
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

