Аллахым, карызга батуудан, душмандын үстөмдүк кылуусунан жана табалоосунан сактоону Өзүңдөн суранам
Choose an available translation of this Hadeeth
Hadeeth text
Абдуллах бин Амр бин Аас (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төмөнкү сөздөрдү айтып дуба кылчу: "Аллахым, карызга батуудан, душмандын үстөмдүк кылуусунан жана табалоосунан сактоону Өзүңдөн суранам".
Explanation
Биринчиси: "Аллахым, Сенден суранамын" Сенден башкадан суранбайм "карызга батып кетүүдөн сакта" карыздын оордугунан, кыжаалатчылыгынан, кайгы-капасынан сакта. Карыздан кутулууга жардам берүүңдү суранам.
Экинчиси: "душмандын үстөмдүгүнөн" басмырлоосунан жана башчылык кылуусунан сакта. Душмандын зыянынан сактооңду жана жеңишке жеткирүүңдү суранам.
Үчүнчү: "душмандын таба кылуусунан" мусулмандардын башына түшкөн балээ, кыйынчылыкка кубанып карап туруусунан сакта.
Benefits
Жалпы карыздар эч нерсе эмес, карыздын жаманы аны төлөгөнгө чамасы жок болуп калганы. Мына ушул карыз карызга батуу болуп эсептелет.
Адам баласы шылдың боло турган жана өзүнө айып тагыла турган иштерден алыс болушу керек.
Кыйынчылык болгон учурда каапырлардын ыймандууларга болгон табасын, душмандыгын баяндоо.
Адамдын башына түшкөн кыйынчылыгына душманынын табалап, сүйүнүүсү адамдын кыйынчылыгын ого бетер күчөтөт.
Attribution
Categories
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

