Эй, адам баласы! Эгер Мага дуба кылып, анын кабыл болуусун үмүт кылсаң, сенден болгон күнөөнүн баарын кечирип коюу Мага эч нерсе эмес
Choose an available translation of this Hadeeth
Hadeeth text
Анас (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уктум: "Улуу Аллах Таала минтип айткан: "Эй, адам баласы! Эгер Мага дуба кылып, анын кабыл болуусун үмүт кылсаң, сенден болгон күнөөнүн баарын кечирип коюу Мага эч нерсе эмес . Эй, адам баласы! Эгер күнөөлөрүң асманды тиреп калса да сен Менден кечирим тилесең, сени кечирип коюу Мага оор эмес . Эй, адам баласы! Сен мага жер бети толо күнөө менен келип, бирок Мага эч нерсени шерик кылбай жолуксаң, Мен сага жер бети толо кечирим менен бармакмын".
Explanation
Эй, адам баласы! Сен өлгөндөн кийин Мага жер бети толо күнөө, ката менен келсең, бирок Мага эч нерсени шерик кылбай, жалгыздап жүрүп өлгөн болсоң; сенин күнөө-каталарыңды жер бети толо кечирим менен тосуп алам. Анткени, Менин кечиримим кенен, ширктен башка бардык күнөөнү кечиремин.
Benefits
Бир Аллахка сыйынуу ишенимин кармануу артыкчылыктуу иш. Бир Аллахка сыйынуу ишеними менен өткөн адамдын күнөө, каталарын Аллах кечирет.
Ширк өтө коркунучтуу күнөө, анткени Аллах Таала аны кечирбейт.
Ибн Ражаб айтат: "Бул хадис күнөөлөрдүн кечирилүүсүнө себеп боло турган үч ишти баяндаган, биринчиси: үмүт кылуу менен бирге дуба кылуу, экинчиси: кечирим тилеп, тообо кылуу, үчүнчүсү: бир Аллахка сыйынуу ишеними менен жашап өтүү".
Бул хадис пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Раббисинен риваят кылган хадистерден. Мындай хадистер кудсий же илахий хадис деп аталат. Анын айтылышы жана мааниси Аллахтан, бирок кудсий хадис Курандын башкалардан айырмаланып турган өзгөчөлүктөрүнө ээ эмес. Мисалы, Куранды окуу ибадат экендиги, аны даарат менен кармоо, андайды эч ким жаза албастыгы, муъжизалыгы ж.б.
Күнөөлөрдүн үч түрү бар: биринчиси: Аллахка шерик кошуу, бул күнөөнү Аллах Таала кечирбейт. Аллах Таала минтип айткан: "Кимде-ким Аллахка шерик кошсо, Аллах аны бейишке киргизбейт". Экинчиси: пенденин Раббиси менен өзүнүн ортосундагы иштерде өзүнө зулум кылып жасаган күнөөлөрү, мындай күнөөлөрдү Аллах Таала кааласа кечирип жиберет. Үчүнчүсү: Аллах Таала таштап койбой турган күнөөлөр, бул пенделердин бири-бирине кылган зулум күнөөлөрү, мындай күнөөлөрдүн өчү алынат.
Attribution
Categories
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

