Кимде-ким Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирсе, анда жакшылыкты сүйлөсүн же унчукпасын. Кимде-ким Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирсе, анда кошунасын сыйласын. Кимде-ким Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирсе, анда коногун сыйласын
Choose an available translation of this Hadeeth
Hadeeth text
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Кимде-ким Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирсе, анда жакшылыкты сүйлөсүн же унчукпасын. Кимде-ким Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирсе, анда кошунасын сыйласын. Кимде-ким Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирсе, анда коногун сыйласын».
Explanation
Биринчиси: Аллахка тасбих жана тахлил айтуудан турган жакшы сөз, жакшылыкка буюруп, жамандыктан кайтаруу, араздашкан адамдарды жараштыруу. Эгерде андай кыла албаса, анда унчукпай, ага жамандык кылууну токтотуп, тилин сакташы керек
Экинчиси: кошунаны урматтоо, ага жакшылык кылуу жана ага зыян келтирбөө.
Үчүнчүсү: Зыяратка келген конокту сыйлоо, ага жакшы сөз айтуу жана ага тамак берүү ж.б.
Benefits
Тилдин бузулуусунан сактануу.
Ислам дини карым-катыштыктын жана берешендиктин дини.
Бул сыпаттар ыймандын бутактарынан жана мактоого татыктуу адептерден.
Ашыкча сүйлөө макрух же арам нерсеге алып келиши мүмкүн. Ал эми саламат болуу - бул жакшыдан башканы сүйлөбөөдө.
Attribution
Categories
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

