Кимде-ким багымдат намазын окуса, анда ал Аллахтын коргоосунда болот
Choose an available translation of this Hadeeth
Hadeeth text
Жундуб бин Абдулла Аль-Касри (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Кимде-ким багымдат намазын окуса, анда ал Аллахтын коргоосунда болот. Ошондуктан Аллах силерден Өзүнүн коргоосундагы адам тууралуу эч нерсени талап кылбасын. Анткени Аллах кимден Өз коргоосундагы адам тууралуу бир нерсени талап кылса, анда Аллах ага сөзсүз жетет. Андан кийин аны бети менен тозоко ыргытат».
Explanation
Андан кийин Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) багымдат намазын калтырып же багымдат намазын окугандарга кол салып, аларга душмандык кылып, Аллах коргоосуна алган адам менен Аллахтын ортосундагы бул келишимди бузгандарга, аны жараксыз кылгандарга катуу эскертти. Анткени кимде-ким бул келишимди бузса, анда Аллахтын коргоосун бузган болот. Ал Аллахтын коргоосундагы адамдын акысына душмандык кылганы себептүү ал катуу азапка татыктуу болот. Аллах кимден Өз коргоосундагы адам тууралуу бир нерсени талап кылса, анда Аллах ага сөзсүз жетет. Андан кийин аны бети менен тозокко ыргытат».
Benefits
Багымдат намазын окугандар үчүн жамандык кылган адамдарга катуу азап болоорун эскертип жатат.
Аллахтын салих пенделерине душмандык кылгандардан Аллах алардын өчүн алып берет.
Attribution
Categories
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

