HadeethEnc · 1.27.0
Кимде-ким жакшылап толук даарат алып, жума намазына барса, анан (кутпаны) укса жана унчкупай жым отурса, өткөн жумадан бул жумага чейинки, ага кошумча дагы үч күндүн (майда) күнөөлөрү кечирилет
Available translations
Choose an available translation of this Hadeeth
01
Hadeeth text
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Кимде-ким жакшылап толук даарат алып, жума намазына барса, анан (кутпаны) укса жана унчкупай жым отурса, өткөн жумадан бул жумага чейинки, ага кошумча дагы үч күндүн (майда) күнөөлөрү кечирилет. Ал эми ким (жердеги майда) таштарды ары-бери жылдырса, куру калат"
02
Explanation
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтат: кимде-ким парз, сүннөт, мустахабдарын калтырбай толук аткарып даарат алса, анан жума намазын окуу үчүн мечитке барып, кутпа айткан кишини унчукпай угуп отурса, керексиз сөз сүйлөбөсө, Аллах Таала анын он күндүк майда күнөөлөрүн кечирет. Өткөн жумадан бул жумага чейинки жети күн андан сырткары дагы үч күндүк күнөөлөрү кечирилет. Анткени жакшылыктын сообу он эсеге көбөйтүлүп берилет. Андан кийин пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кутпадан алагды кыла турган иштерди кылуудан тыйып эскертти. Кимде-ким денесине тийген майда таштарды тазалаган сыяктуу адамды алагды кыла турган иштерди кылса, ал жуманын толук сооп-сыйын алуудан куру калат.
03
Benefits
Дааратты кемчиликсиз, толук алуу жана жума намазын такыр калтырбай окуу зарыл.
Жума намазы артыкчылыктуу намаз.
Жумадагы кутпаны унчукпай отуруп угуу важыб. Кутпанын учурунда сүйлөөгө же башка иш менен алек болууга болбойт.
Кутпанын учурунда керексиз иш кылган адамдын намазы – намаз катары кабыл болот, бирок сооп-сыйлыктары кемчиликтүү болуп калат.
Жума намазы артыкчылыктуу намаз.
Жумадагы кутпаны унчукпай отуруп угуу важыб. Кутпанын учурунда сүйлөөгө же башка иш менен алек болууга болбойт.
Кутпанын учурунда керексиз иш кылган адамдын намазы – намаз катары кабыл болот, бирок сооп-сыйлыктары кемчиликтүү болуп калат.
Attribution
[Муслим жазып калтырган]
Categories
Share
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

