Жөөттөргө жана христиандарга озунуп салам айтпагыла. Эгер жолдо алардын бирөөсүнө жолугуп калсаңар, аны жолдун кырына кысып өткүлө
Choose an available translation of this Hadeeth
Hadeeth text
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Жөөттөргө жана христиандарга озунуп салам айтпагыла. Эгер жолдо алардын бирөөсүнө жолугуп калсаңар, аны жолдун кырына кысып өткүлө".
Explanation
Benefits
Эгер алар салам берсе, аларга "Ва алайкум" деп жооп кайтарууга болот.
Каапырларды атайын жолдун чекесине түртүп чыгарып зыян берүүгө болбойт. Болгону, эгер жол тар болсо, же жолдо тыгын болуп калса, анда ал жолдон биринчи өткөнгө мусулман адам акылуу. Каапыр ага жол бошотуп турат.
Мунун максаты башкага зулум кылбастан же тил тийгизбестен мусулмандардын ызаттуулугун башкалардын алардан төмөндүгүн көрсөтүү.
Каапыраларга мындай кысым кылуу алардын Аллах Таалага каапыр болгону үчүн. Эгер мындай мамиленин себебин билүүгө түрткү болсо, бул алардын динди кабыл кылып, тозоктон кутулушуна себеп болуусу мүмкүн.
Эгер муктаждык болуп калса мусулман адам каапырга озунуп "Абалың кандай, кутмандуу таң, кутмандуу кеч" деген сыяктуу сөздөрдү айтууга болот. Бул жердеги тыюу "Ассаламу алайкум" деген ислам саламдашуусуна гана тиешелүү.
Ат-Тийбий минтип айткан: Жакшысы бидаатчы адамга да озунуп салам бербеш керек. Эгер ким экенин билбей салам берсе, салам берген киши же мусулман өлкөсүндө жашаган каапыр же бидаатчы болуп калса, анда: Аны кемсинткендин белгиси катары саламымды кайтарып алдым деп айтсын.
Attribution
Categories
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

