«Чындыгында, иш-аракеттер ниетке жараша болот. Ар бир адам ниет кылганына жетет. Кимдин хижраты Аллах жана Анын Элчиси үчүн болсо, анда анын хижраты Аллах жана Анын элчиси үчүн болот. Ал эми кимдин хижраты дүнүйөгө жетүү үчүн же аялга үйлөнүү үчүн болсо, анда анын хижраты эмнеге болсо ошол үчүн хижрат кылган болот». Ал эми имам Бухаринин риваятында: «Чындыгында, иш-аракеттер ниеттерге жараша болот. Ар бир адам ниет кылганына жетет» - деп келет.*@
Choose an available translation of this Hadeeth
Hadeeth text
Умар ибн аль-Хаттаб (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Чындыгында, иш-аракеттер ниетке жараша болот. Ар бир адам ниет кылганына жетет. Кимдин хижраты Аллах жана Анын Элчиси үчүн болсо, анда анын хижраты Аллах жана Анын элчиси үчүн болот. Ал эми кимдин хижраты дүнүйөгө жетүү үчүн же аялга үйлөнүү үчүн болсо, анда анын хижраты эмнеге болсо ошол үчүн хижрат кылган болот». Ал эми имам Бухаринин риваятында: «Чындыгында, иш-аракеттер ниеттерге жараша болот. Ар бир адам ниет кылганына жетет» - деп келет.
Explanation
Андан кийин, Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ниет менен амалдар сырткы сүрөтүнөн бирдей болгонуна карабастан ниеттин амалдарга тийгизген таасирин көрсөтүү үчүн мисал келтирди. Ошондуктан Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким хижрат кылууга ниет кылып Раббисинин ыраазычылыгын көздөп мекенин таштап кеткен болсо, анда анын хижраты кабыл болгонун, Ислам шариятына дал келген хижрат экенин жана ниетинин чынчылдыгынан улам хижраттын сообуна да ээ болорун ачык айтты. Ал эми кимде-ким хижрат кылуу менен акча, кадыр-барк, соода же аял сыяктуу дүнүйөлүк пайданы ниет кылса, анда ал хижраттан ал ниет кылган пайдасына гана жетет жана ага сооптон үлүш болбойт.
Benefits
Эгерде балакатка жеткен адам Аллах Таалага жакындата турган амалдарды адатынча аткарса, анда ал амалдары менен Аллахка жакындоого ниет кылмайынча ал үчүн сооп болбойт.
Attribution
Categories
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

