Мурдагы пайгамбарлардын сөздөрүнөн адамдарга кеңири тараганы: "Эгер уялбасаң, каалаганыңды кыла бер" деген сөз
Choose an available translation of this Hadeeth
Hadeeth text
Абу Масуд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Мурдагы пайгамбарлардын сөздөрүнөн адамдарга кеңири тараганы: "Эгер уялбасаң, каалаганыңды кыла бер" деген сөз".
Explanation
Benefits
Уяттуулук пайгамбарлардын сыпаты. Алардан санат болуп калган.
Уяттуулук мусулманды аны көркүнө чыгарып, кадырын көтөрө турган жакшы иштерди аткартып, көркүн бузуп, кадырын түшүрө турган жаман иштерден тыйып турат.
Ан-Нававий минтип айткан: Мында мубах амал жөнүндө айтылган. Тагыраак айтканда, бир ишти аткарууну кааласаң, ал иш үчүн Аллахтын же адамдардын алдында уят болуп калбай турган болсоң, аны аткара бер. Эгер уят болуп кала турган болсоң, аны аткарба. Исламдын жолу да ушундай. Мунун себеби, буйрулган иштер важыб жана мандуб, аларды аткарбай коюу уят. Тыйылган иштер арам жана макирөө, аларды аткаруу уят. Ал эми мубах иште уялуу да, уялбоо да жайыз. Хадис беш өкүмдү өзүнө камтыйт, коркутуу түрүндөгү буйрук деген да пикир бар, б.а. эгер сенде уятың жок болсо,каалаганыңды кыла бер, Аллах сени Өзү жазалайт деген маани. Кабар маанисинде айтылган буйрук деген да пикир бар. Ким уялбаса, каалаганын жасай берет деген мааниде.
Attribution
Categories
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

