HadeethEnc · 1.27.0
Өзүнө жараша мамиле кылуу тууганчылык байланышты бекемдөөгө жатпайт. Тууганчылык байланыш үзүлгөндө аны байланыштырган адам тууганчылык байланышты бекемдеген адам болот
Available translations
Choose an available translation of this Hadeeth
01
Hadeeth text
Абдулла ибн Амр (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Өзүнө жараша мамиле кылуу тууганчылык байланышты бекемдөөгө жатпайт. Тууганчылык байланыш үзүлгөндө аны байланыштырган адам тууганчылык байланышты бекемдеген адам болот».
02
Explanation
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) хадисте мындай деп кабар берип жатат. Тууганчылык байланышты толук кандуу аткарган адам жана жакындарына жакшылык кылган адам - ал көргөн жакшылыкка жараша жакшылык менен жооп берген адам эмес. Тескерисинче, ал жакын туугандары аны менен тууганчылык байланышты үзүп ага жамандык кылышса да алар менен тууганчылык байланышты күчөтүп, тууганчылык байланышты толук кандуу бекемдеген адам. Анткени ал жакын туугандарына жакшылык менен жооп берип жатат.
03
Benefits
Шариятта этибарга алынган туугандык байланышты бекемдөө - сенден мамилесин үзгөн туугандар менен мамиле кылууң, сага зулумдук кылганды кечирүүң жана сенден бир нерселерди тыйып койсо да сен ага берүүң. Туугандык байланышты бекемдөө жакшылыкка жараша гана жакшылык кылуу эмес, тескерисинче, бардыгы менен бирдей жакшы мамиледе болуу.
Туугандык байланышты бекемдөө – бул жакын туугандарга колдон келген мал-дүйнөдөн жакшылык кылып берүү, аларга дуба кылуу, аларды жакшылыкка чакырып жамандыктан кайтаруу ж.б.у.с. жакшылыктарды кылуу. Ошондой эле мүмкүн болушунча аларды жамандыктардан сактоо керек.
Туугандык байланышты бекемдөө – бул жакын туугандарга колдон келген мал-дүйнөдөн жакшылык кылып берүү, аларга дуба кылуу, аларды жакшылыкка чакырып жамандыктан кайтаруу ж.б.у.с. жакшылыктарды кылуу. Ошондой эле мүмкүн болушунча аларды жамандыктардан сактоо керек.
Attribution
[Бухари жазып калтырган]
Categories
Share
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

