Аллах Таалага көп сажда кылгын. Сажда кылганың сайын сенин даражаңды көтөрүп, катаңды өчүрөт
Choose an available translation of this Hadeeth
Hadeeth text
Маъдан бин Абу Талха Йаъмари (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кызматчысы Савбанга жолугуп: Анын себеби менен Аллах мени бейишке киргизе турган амалды айтчы? - деп айттым. Же Аллахка эң сүйкүмдүү амалды айтчы деп сурадым окшойт. Ал унчукпай койду. Мен дагы сурадым. Ал бул жолу да унчукпады. Үчүнчү жолу сураганымда, ал: Бул амал тууралуу Аллахтын элчисинен мен да сураганмын. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Аллах Таалага көп сажда кылгын. Сажда кылганың сайын сенин даражаңды көтөрүп, катаңды өчүрөт". Маъдан айтат: Кийин Абу Дардага жолугуп, андан да ошол эле суроону сурадым. Ал мага Саубан айткандай эле жооп берди.
Explanation
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Көбүрөөк сажда кылууга аракет кыл. Сен Аллахка ар бир сажда кылганыңда, ал үчүн сенин даражаңды көтөрүп, күнөөңдү өчүрөт - деди.
Benefits
Сахабалар бейишке Аллахтын ырайымынан кийин амал аркылуу гана жетүүгө болорун жакшы билишкен.
Намаздын ичиндеги саждалар - даражанын көтөрүлүшүнө жана күнөөлөрдүн өчүрүлүшүнө чоң себеп болот.
Attribution
Categories
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

