HadeethEnc · 1.27.0
Тумшугу менен жер сүзсүн, дагы тумшугу менен жер сүзсун, дагы тумшугу менен жер сүзсүн". Бирөөлөр: О, Аллахтын элчиси, ким тумушугу менен жер сүзсүн? деп сурады. Ал: "Анын ата-энеси экөө тең же экөөнүн бири картайган кезине жетсе, (аларга кызмат кылып) бейишке кире албаган адам" - деди
Available translations
Choose an available translation of this Hadeeth
01
Hadeeth text
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) баяндайт, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: "Тумшугу менен жер сүзсүн, дагы тумшугу менен жер сүзсун, дагы тумшугу менен жер сүзсүн". Бирөөлөр: О, Аллахтын элчиси, ким тумушугу менен жер сүзсүн? деп сурады. Ал: "Анын ата-энеси экөө тең же экөөнүн бири картайган кезине жетсе, (аларга кызмат кылып) бейишке кире албаган адам" - деди.
02
Explanation
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимдир бирөөнү кор болуп, шерменде болсун деген мааниде "тумшугу менен жер сүзсүн" деп үч жолу дуба кылды. Бирөөлөр: О, Алланын элчиси, кимге мындай каршы дуба кылып жатасыз? деп сурайт.
Ал: Кимдин ата-энеси экөө тең, же экөөнүн бири баласынын колунда картайса, ошолордун картайганы баласынын бейишке кирүүсүнө себеп боло албаса б.а. аларга жакшы мамиле кылбай, алардын каргышына калса, ошол бала тумшугу менен жер сүзсүн деп жооп берди.

03
Benefits
Ата-энеге жакшы мамиле кылуу, айрыкча ата-эне картайган кезде аларга кызмат кылуу баланын моюнундагы милдет. Анткени, бул анын бейишке кирүүсүнө себеп болот.
Ата-эненин каргышына калып нараазычылыгына калуу бул - чоң күнөө.
Ата-эненин каргышына калып нараазычылыгына калуу бул - чоң күнөө.
Attribution
[Муслим жазып калтырган]
Categories
Share
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares