Силерге Аллах Таала ал аркылуу күнөө-каталарды өчүрүп, даражаларды көтөрө турган ишти айтайынбы?
Choose an available translation of this Hadeeth
Hadeeth text
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Силерге Аллах Таала ал аркылуу күнөө-каталарды өчүрүп, даражаларды көтөрө турган ишти айтайынбы?" Сахабалар: Айтыңыз, о, Аллахтын элчиси" - дешти. "Кыйынчылыкка карабай жеткиликтүү даарат алуу. Мечитке көп каттоо. Намаздан кийин кийинки намазды күтүү. Мына ушул (Аллах менен) бекем байланыш".
Explanation
Сахабалар: Ооба, угууну каалайбыз - деп жооп берет. Ал минтип айтат:
Биринчи: суукта, суу аз учурда, ооруп турганда, же суу ысык болуп калган учурда, айтор кандай кыйынчылык болгонуна карабай, дааратты толук, жеткиликтүү алуу.
Экинчи: алыс үйдөн мечитке басып баруу жана улам-улам мечитке каттоо.
Үчүнчү: намаз убактысын күтүү, жүрөк менен байланып самап күтүү. Мечитте жамаат менен намаз окуу үчүн күтүп отуруу. Бир намаз окулуп бүткөндөн кийин кийинки намазды күтүү.
Андан кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ушул иштер Аллах менен чыныгы байланыш экенин айтты. Анткени, булар шайтандын азгырык жолдорун тосот. Напси каалоосун тыят. Бул кудум душмандын чегиндеги чек араны коруу сыяктуу.
Benefits
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларына аябай кам көргөн, суроо ыкмасы менен аларга сооптуу иштерди түшүндүргөн. Бул таалим берүүдөгү мыкты ыкмалардын бири.
Маселени суроо-жооп аркылуу жеткирүүнүн пайдасы: сөз адамга айкын түшүнүктүү болот.
Навави (Аллах аны ырайым кылсын) минтип айткан: Хадистеги "ушул бекем байланыш" дегендин мааниси, кызыккан нерсеге байлануу дегенди туюндурат. Байланыштын түпкү мааниси бир нерсеге байлануу. Демек, мына ушул ибадаттарга байлангыла деген маани. Бул байланыштын эң абзели деп да айтылган. Чыныгы жихад, өз напсиси менен болгон жихад деген сыяктуу. Аткарууга мүмкүн болгон, жеңил байланыш деген маани болуусу да мүмкүн б.а. Аллах менен болгон байланыштын бир түрү.
Байланыш деген сөздүн араб тилиндеги белгилүү сөздөрдүн формасында келиши - жогорудагы иштердин маанилүү экендигин билдирет.
Attribution
Categories
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

