HadeethEnc · 1.27.0
Силерден бирөөңөрдүн даараты бузулса, даарат алмайынча Аллах намазын кабыл кылбайт
Available translations
Choose an available translation of this Hadeeth
01
Hadeeth text
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: "Силерден бирөөңөрдүн даараты бузулса, даарат алмайынча Аллах намазын кабыл кылбайт".
02
Explanation
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намаздын туура болуусунун бир шарты даарат экенин кабарлаган. Дааратты буза турган заңдоо, зааралоо, уктоо ж.б. иштердин бири болгондон кийин, намаз окумакчы болгон адам сөзсүз даарат алуусу зарыл.
03
Benefits
Даараты жок адам, эгер чоң дааратсыздыкта болсо, жуунуп тазаланмайынча, кичине дааратсыздыкта болсо даарат алмайынча окуган намазы кабыл болбойт.
Даарат бул, сууну алып оозуна уурттап, кайра чыгаруу, анан мурундун ичине сууну киргизип, кайра чыгарып, чимкирүү, андан кийин үч жолу бетин жуу, анан колун чыканактары менен бирге үч жолу жуу, анан башына толук бир жолу масх тартуу, акырында бутун томуктары менен бирге үч жолу жуу.

Attribution
[Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]
Categories
Share
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares