«Оо, Аллахтын элчиси! «Кыямат күнү сенин шапаатың менен эң бактылуу адам ким?» - деп сураганда, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Оо, Абу Хурайра! Сенин хадиске болгон кызыгууңду көргөнүмдө бул хадисти сенден алдын эч ким сурабайт деп ойлогонмун. Кыямат күнү менин шапаатым менен эң бактылуу болгон адам ал «Лаа илааха иллаллах» келимесин чын ыклас менен жүрөгүнөн же напсисинен айткан адам» - деп айтты».@
Choose an available translation of this Hadeeth
Hadeeth text
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат: «Оо, Аллахтын элчиси! «Кыямат күнү сенин шапаатың менен эң бактылуу адам ким?» - деп сураганда, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Оо, Абу Хурайра! Сенин хадиске болгон кызыгууңду көргөнүмдө бул хадисти сенден алдын эч ким сурабайт деп ойлогонмун. Кыямат күнү менин шапаатым менен эң бактылуу болгон адам ал «Лаа илааха иллаллах» келимесин чын ыклас менен жүрөгүнөн же напсисинен айткан адам» - деп айтты».
Explanation
Benefits
Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) шапааты бул - тозокко кирүүгө татыктуу болгон момундардын тозокко кирбештиги үчүн, эгерде тозокко кирген болсо ал жактан чыгуусу үчүн Аллах менен алардын ортосуна түшкөн Пайгамбардын ортомчулугу.
Калыс Аллах Таала үчүн айтылган таухид келимесинин пазилети жана анын чоң таасири.
Таухид келимесин ишке ашыруу анын маанисин билүү жана анын талабына ылайык амал кылуу менен болот.
Абу Хурайранын (Аллах андан ыраазы болсун) пазилети жана илимге болгон кызыгуусу.
Attribution
Categories
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

