HadeethEnc · 1.27.0
Силерден мурдагылардын жолун изме-из, карышма-карыш ээрчийсиңер
Available translations
Choose an available translation of this Hadeeth
01
Hadeeth text
Абу Саид ал-Худри (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Силерден мурдагылардын жолун изме-из, карышма-карыш ээрчийсиңер. Атүгүл, алар кескелдириктин ийнине кирсе, силер да аларды ээрчип киресиңер". Биз: О, Аллахтын элчиси, сиз жөөттөр менен христиандарды айтып жатасызбы? - деп сурадык. Ал: "Алардан башка кимди айтмак элем?!" - деди.
02
Explanation
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) анын заманынан кийин келе турган үммөтүнүн кээ биринин абалын сүрөттөгөн. Алар жөөттөр менен христиандардын акыйда-ишенимин, кылган иш-аракеттерин, адаттарын, каада-салттарын дал ошолордой кылып изме-из, карышына-карыш ээрчишет. Атүгүл, алар кескелдириктин ийинине кирип кетишсе, алардын артынан ээрчип булар да киришет.
03
Benefits
Бул пайгамбардын пайгамбарлык белгилеринин бири. Анткени буларды ал боло элегинде айткан. Кийин дал ошондой болду.
Мусулмандарга каапырларды алардын акыйдасында болобу, ибадатында болобу, майрамдарында болобу же өздөрүнө тиешелүү иштеринде болобу, ээрчүүгө тыюу салынган.
Маанилүү жагынан айтылган иштерди материалдык нерселер менен салыштырып түшүндүрүү Ислам таалиминин ыкмаларынын бири.
Добб (шипохвост, кескелдирик): ийни өтө тар, жыты жагымсыз жаныбар. Чөлдө көп кездешет. Анын ийинин мисал кылганы: анын өтө тардыгы жана жагымсыздыгы үчүн. Ошого карабай, алардын изи менен басып, жолу менен жүрүшөт. Ушул сыяктуу тар, жагымсыз жерге киришсе, алардын артынан киришет. Алла Өзү сактасын.

Attribution
[Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]
Categories
Share
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares