Жунуб адамдын кандай жуунуу керектиги тууралуу
Choose an available translation of this Hadeeth
Hadeeth text
Момундардын энеси Маймуна (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жуунганга суу алып келдим. Анан аны кийим менен көрсөтпөй тосуп турдум. Ал оболу суу куюп колдорун жууду. Анан оң колу менен суу алып сол колуна куюп аврат жерлерин жууду. Анан колун жерге чаап, сүртүп, анан кайра жууду. Анан оозу, мурдун чайкады. Анан бетин жана колдорун чыканактарына чейин жууду. Анан башына суу куюп, жалпы денесин жууду. Анан бир жагына жылып, буттарын жууду. Мен ага арчынганга кийим берсем аны алган жок. Колу менен денесиндеги сууну сыдырып, ары басты.
Explanation
Биринчи: эки колун сууга салыштан алдын колуна суу куюп эки колун тең таза жууйт.
Экинчи: оң колу менен суу алып сол колуна куюп, аны менен аврат мүчөлөрүн жууйт; ушинтип жунуб болгон учурда жугуп калган нажасаттардан тазалайт.
Үчүнчү: анан ошол колун жерге уруп, ары-бери сүрүп, анан колун суу менен тазалап жууйт.
Төртүнчү: оозун жууйт; оозун толтура суу алып, оозун чайкап, тамагына чейин жеткирип кайра түкүрөт. Анан мурдун жууйт; мурдуна суу тартып кайра чыгарат.
Бешинчи: бетин жана колдорун чыканактарына чейин жууйт.
Алтынчы: башына суу куят.
Жетинчи: жалпы денесине суу куят.
Сегизинчи: ордунан жылып, анан буттарын жууйт.
Маймуна энебиз ага арчынганга чачык алып келет. Бирок аны менен арчынбай, денесиндеги сууну колу менен сыдырып кургатат.
Benefits
Жуунуунун жогорудагыдай сыпаты пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жунуб болгондон кийинки толук жуунганынын бир көрүнүшү. Ал эми жалпы денеге суу жеткирип, ооз менен мурунду жууп коюу деле жуунууга өтө берет.
Жуунгандан кийин же даарат алгандан кийин чачык менен арчынуу же аарчынбоо адамдын эркиндеги мубах иш.
Attribution
Categories
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

