Жакшы иш-амалдарды аткарууга шашылгыла. Караңгы түн каптагандай фитна-азгырыктар каптаган заман келет
Choose an available translation of this Hadeeth
Hadeeth text
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Жакшы иш-амалдарды аткарууга шашылгыла. Караңгы түн каптагандай фитна-азгырыктар каптаган заман келет. Ошондо эрте менен ыймандуу болуп турган адам, кечинде каапыр болуп калат. Кечинде ыйманы менен жүргөн адам, эртең менен каапыр болуп калат. Алар жарыбаган дүйнө кызыкчылыгы үчүн динин сатып жиберишет".
Explanation
Benefits
Акыр заманда түндөй каптаган фитна-бүлгүн иштер көбөйөт. Мындай бузуку фитналардын бири пайда болуп кайра жоголсо, анын артынан экинчиси чыга берет.
Эгер инсандын дин кармануусу алсыздап, анын каршысына байлыкка кызыгуусу же башка бир дүйнөлүк нерсеге кызыгуусу күчөй берсе, бул анын динден алыстоосуна жана таштап коюусуна, фитна-азгырыкка ээрчип кетүүсүнө себеп болот.
Бул хадис жакшы иш-амалдар фитна-бүлгүндөн кутулууга себеп болоруна далил.
Фитна-бүлгүн эки түрдүү болот: биринчиси, шек-күмөн жараткан фитна. Муну илим аркылуу жеңүүгө болот. Экинчиси, шахват, кумар каалоолорун жараткан фитна. Муну бекем ыйман жана сабырдуулук менен жеңүүгө болот.
Хадисте кимдин жакшы иш-амалдары аз болсо ага фитна бат жетерине ишарат бар. Ал эми кимдин жакшы иш-амалдары көбүрөөк болсо, анысына сыймыктанып жүрүп албай, жакшы ишин дагы көбөйтө бериши керек.
Attribution
Categories
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

