Аллахым, кабыр азабынан, тозок азабынан, жашоонун жана өлүм фитна-бүлгүнүнөн жана масих Дажжалдын фитна-бүлгүнүнөн сактоону Өзүңдөн суранам
Choose an available translation of this Hadeeth
Hadeeth text
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дуба кылып, минтип айтаар эле: "Аллахым, кабыр азабынан, тозок азабынан, жашоонун жана өлүм фитна-бүлгүнүнөн жана масих Дажжалдын фитна-бүлгүнүнөн сактоону Өзүңдөн суранам ". Муслимдин риваятында: "Акыркы ташаххудду окугандан кийин төрт нерседен сактоону Аллахтан сурангыла: тозоктун азабынан, кабырдын азабынан, жашоонун жана өлүм фитна-бүлгүнүнөн, масих Дажжалдын жамандыгынан" деп келген.
Explanation
Биринчи: Мүрзөдөгү азаптан.
Экинчи: тозоктогу азаптан, бул кыямат күнүнө тиешелүү.
Үчүнчү: тирүүлөрдүн фитна, азгырыгынан, тыюу салынган дүйнөлүк ышкы кумарлардан жана дүйнөнүн адаштыруучу шек-күмөндүү иштеринен. Ошондой өлүм фитнасынан, т.а. өлүм саатынан, ислам же сүннөттөн четтеп (өлүп) кетүүдөн, эки периштенин сурагы сыктуу мүрзөдөгү сыноолордон.
Төртүнчү: акыр заманда чыга турган масих Дажжалдын фитна, азгырыгынан. Аллах ал аркылуу пенделерин сынайт. Анын жеке өзүн зикир кылып айтканы, анын фитнасы жана адаштыруусу коркунучтуу болгондугу үчүн.
Benefits
Кабыр азыбынын бардыгына далил, кабыр азабынын болору ак.
Фитнанын коркунучтуулугу, андан кутулуу үчүн Аллахка дуба кылуу, Андан жардам тилөө зарыл.
Дажжалдын чыгуусу жана анын фитна-азгырыгынын күчтүүлүгү.
Бул дубаны акыркы ташахуддан кийин айтуу жакшы.
Ийги иш-амалдардын артынан дуба кылуу жакшы.
Attribution
Categories
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

