HadeethEnc · 1.27.0
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мүйүздүү эки ак кочкорду курмандыкка чалып, Аллахтын атын атап, такбир айтып, анан бутун кочкорлордун моюнуна такап туруп өз колу менен мууздады
Available translations
Choose an available translation of this Hadeeth
01
Hadeeth text
Анас (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мүйүздүү эки ак кочкорду курмандыкка чалып, Аллахтын атын атап, такбир айтып, анан бутун кочкорлордун моюнуна такап туруп өз колу менен мууздады.
02
Explanation
Анас (Аллах андан ыраазы болсун) курман айт күнү пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мүйүздүү, бир аз кара аласы бар эки ак кочкорду курмандыкка чалганын айтат. Аларды мууздардан алдын: Бисмиллахи Аллаху Акбар деп, анан алардын моюнуна бутун такап туруп мууздайт.
03
Benefits
Курмандык чалуу бардык мусулмандардын пикиринде шарият кызыктырган иштерден.
Курмандыкка чалына турган мал-жандыктын эң абзели пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) курмандык чалган кочкорлордой сыпаттагы кочкор. Анткени, мындай кочкордун көрүнүшү жакшы жана эт, майы да даамдуу болот.
Ан-Навави (ага Аллах ырайым кылсын) минтип айткан: Ар бир адам курмандыкты өз колу менен чалганы абзел. Кандайдыр бир үзүр, себеп болсо гана ордуна башка бирөөнү дайындаса болот. Бирөөнү дайындаган учурда да анын мууздаганына өзүнүн күбө болгону жакшы. Ордуна мусулман адамды сурануу эч кандай талашы жок жарактуу иш.
Ибн Хажар минтип айткан: Курмандык чаларда Аллахты атоо менен бирге такбир айтуу мустахаб. Ошондой эле чалынып жаткан жандыктын моюнунун оң жагына бутту коюп туруп мууздоо да мустахаб. Ушундай кылганда союп жаткан адамга бычакты оң колуна алып, сол колу менен жандыктын башын кармап туруу ыңгайлуу болот.
Курмандыктын мүйүздүү болгону мустахаб. Бирок мүйүзү жок токол болсо деле курмандыкка жарай берет.

Attribution
[Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]
Categories
Share
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares