HadeethEnc · 1.27.0
Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кайсы бир казатында кайтыш болгондордун арасынан аял кишинин өлүгү чыгат. Ошондо пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) согушта аялдарды жана жаш балдарды өлтүрүүнү катуу кайтарды
Available translations
Choose an available translation of this Hadeeth
01
Hadeeth text
Абдуллах бин Умар (аларга Аллах ыраазы болсун) минтип айткан: Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кайсы бир казатында кайтыш болгондордун арасынан аял кишинин өлүгү чыгат. Ошондо пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) согушта аялдарды жана жаш балдарды өлтүрүүнү катуу кайтарды.
02
Explanation
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир казатта өлтүрүлгөн аялды көрүп, согушта аялдарды жана балакат жаш курагына жете элек балдарды өлтүрүүгө катуу кайтарды.
03
Benefits
Согушка катышпаган аялдар, жаш балдар, кары-картаңдар жана кечилдер, эгер согушка карата согуштук пландарын айтып, мусулмандарга каршы дашманга жардам бербесе, аларды өлтүрүүгө болбойт. Эгер душманга ар кандай жолдор менен жардам берсе, анда өлтүрүүгө уруксат.
Аялдарды жана балдарды өлтүрүүдөн тыюунун себеби алар мусулмандарга каршы курал көтөрүп чыкпайт. Аллах жолундагы жихаддын максаты, акыйкат чакырыгы элге жетүүсү үчүн, ага тоскоол болуп согушка чыккандардын канатын кайруу гана.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) казат, согуштарда да ырайымдуу болгон.

Attribution
[Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]
Categories
Share
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares