Ушул эки намаз мунафыктар үчүн өтө оор намаздар. Бул эки намаз үчүн бериле турган сооп-сыйлыкты билгениңерде, төрт буттап жөрмөлөп болсо да келет элеңер
Choose an available translation of this Hadeeth
Hadeeth text
Убай бин Кааб (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир күнү биз менен багымдат намазын окуп, анан: "Баланча намазга келдиби?" - деп сурады. Сахабалар: "Жок, келбеди" - дешти. Ал: "Баланча келдиби?" - деп сурады. Сахабалар: "Жок, келбеди" - дешти. Ошондо ал: "Ушул эки намаз мунафыктар үчүн өтө оор намаздар. Бул эки намаз үчүн бериле турган сооп-сыйлыкты билгениңерде, төрт буттап жөрмөлөп болсо да келет элеңер . Биринчи сап периштелердин сабы сыяктуу. Эгер биринчи саптын артыкчылыгын билгениңерде, ага жарышып келмексиңер. Чынында, адамдын бирөө менен окуган намазы анын жалгыз окуган намазына караганда жакшы. Эки адам менен окуган намазы бир адам менен окуган намазына караганда жакшы. Намазда кишинин саны канча көп болсо, Аллахка ошончо жагымдуу болот".
Explanation
Эй, ыймандуулар, эгер силер бул эки намаз үчүн бериле турган ашыкча сооп-сыйды билгениңерде, (негизи сооп амалдын машакатына жараша берилет) анда жөрмөлөп болсо да келмексиңер.
Имамга жакын турган биринчи сап, Аллахка жакын турган периштелердин сабына окшош. Эгер ыймандуулар биринчи саптын артыкчылыгын билгенде, ага жетишип калуу үчүн жарышып келишмек. Кишинин башка бир киши менен чогуу окуган намазы сооп жагынан да, таасири жагынан да өзү жалгыз окуган намазга караганда жогору турат. Жамаат менен окулган намазда кишинин саны канча көп болсо, ал намаз Аллахка ошончо жагымдуу болот.
Benefits
Жамаат намазды калтырбоо, айрыкча багымат жана куптанды жамаат менен окуу ыймандуулуктун белгилеринин бири.
Багымдат жана куптан намаздарына баруу напсиге каршы күрөштү жана сабырдуулукту талап кылгандыктан, бул эки намазга баруунун сообу башка намаздарга барууга караганда көбүрөөк.
Эки же андан көп адам окуган намаз жамаат намазы деп эсептелет.
Биринчи сапка туруунун артыкчылыктары айтылып, ага шашылууга үндөгөн.
Жамаатта адамдын санынын көп болгону жакшы. Адамдын саны канча көп болсо, сообу да ошончо көп болот.
Жакшы иш-амалдар шарият артыкчылыгын ашырган учурларга жана сыпаттаган абалдарга карай бири-биринен артыкчылыктуу болот.
Attribution
Categories
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

