Эркектер үчүн саптардын эң жакшысы - алдыңкылары. Эң жаманы - арткылары. Аялдар үчүн саптардын эң жакшысы - арткылары. Эң жаманы - алдыңкылары
Choose an available translation of this Hadeeth
Hadeeth text
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Эркектер үчүн саптардын эң жакшысы - алдыңкылары. Эң жаманы - арткылары. Аялдар үчүн саптардын эң жакшысы - арткылары. Эң жаманы - алдыңкылары".
Explanation
Benefits
Аялдарга эркектер менен бирге мечитте намаз окууга уруксат. Бирок жабык кийимчен, уяттуулук менен эркектердин артында өзүнчө сапта турууга тийиш.
Аялдар мечитте жамаат менен намаз окуса, эркектер сыяктуу эле араларында ачык калтырбай, катар тизилип сапка туруп намаз окушат.
Бул хадистен эркектер менен аялдарды бири-биринен алыс болууга үндөгөн шарияттын камы канчалык катуу экенин көрөбүз. Шарият алтургай ибадат кылына турган орундарда да эркек менен аялдын аралашуусуна жол бербейт.
Адамдар кылган амалдарына жараша бири-биринен артык болот.
Ан-Навави минтип айткан: Хадисте айтылган эркектердин сабы бардык учурга тиешелүү. Саптардын биринчиси дайыма жакшы. Акыркысы дайыма жаман. Ал эми хадистеги аялдардын сабы, мечитке барып эркектер менен бирге намаз окуган аялдарга гана тиешелүү. Эгерде аялдар өзүнчө намаз окуса, анда эркектер сыяктуу эле алардын да биринчи сабы эң жакшы сап, акыркы сабы эң жаманы болот.
Имам ан-Навави дагы минтип айткан: Хадисте жакшы сап деп макталып айтылган, анда турууга үндөлгөн сап имамдын артындагы сап; ал сапка турган адам эртелеп келдиби же кеч келдиби айырмасы жок.
Attribution
Categories
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

