Бул дин түндүн караңгылыгы менен күндүн нуру жеткен жердин баарына жетет. Аллах Таала бул динди киргизбеген же ылайдан салынган, же кийизден жасалган үй калбайт
Choose an available translation of this Hadeeth
Hadeeth text
Тамим ад-Даари (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уктум: "Бул дин түндүн караңгылыгы менен күндүн нуру жеткен жердин баарына жетет. Аллах Таала бул динди киргизбеген же ылайдан салынган, же кийизден жасалган үй калбайт. Ал бирөөлөрдү ызаттуу кылса, бирөөлөрдү кор кылат. Исламды кабыл кылгандарды Аллах ызаттуу кылат. Каапыр болгондорду Аллах кор кылат" Тамим ад-Даари айтат: Бул хадисте айтылганды мен өзүмдүн жакындарымдан көрдүм. Алардын арасынан динди кабыл кылгандары жакшылыкка жетип, кадыры артып, ызаттуу болду. Динди кабыл кылбай каапыр болгондору кордук тартып, кор болушуп, салык төлөп калышты.
Explanation
Хадисти айткан сахаба Тамим ад-Даари (Аллах андан ыраазы болсун) Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткан бул кабарды турмушта өзүнүн жакындарынан көргөнүн айтат. Жакындарынын арасынан кимиси динди кабыл кылса, ал жакшылыкка жетип, кадыр-барктуу болуп ызатка ээ болду. Ал эми динди кабыл кылбагандары кор болушту. Анткени, алар салык катары мусулмандарга мал-мүлкүнөн төлөп жашашкан.
Benefits
Ызаттуулук Исламда жана мусулмандарда. Кордук баш ийбестикте жана каапырлыкта.
Бул хадис пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пайгамбарлыгына анык далил. Анткени, анын алдын ала айтканы ишке ашты.
Attribution
Categories
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

