HadeethEnc · 1.27.0
Менин сахабаларыма тил тийгизбегиле! Силерден бирөөңөр Ухуд тоосундай каржы берсе, анысы сахабаларымдын бир кочуш же анын жарымындай каржысына татыбайт
Available translations
Choose an available translation of this Hadeeth
01
Hadeeth text
Абу Саид Худрий (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Менин сахабаларыма тил тийгизбегиле! Силерден бирөөңөр Ухуд тоосундай каржы берсе, анысы сахабаларымдын бир кочуш же анын жарымындай каржысына татыбайт"
02
Explanation
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларга тил тийгизип сөгүүдөн тыйган. Айрыкча, динди алгачкылардан болуп кабыл кылган мухажир жана ансарларды. Эгер адамдардын бири Ухуд тоосундай алтынды каржы кылып берсе, анысы бир сахабанын кочуштап берген же жарым кочуш азыгына да татыбастыгын айткан. Мунун себеби сахабалардын ыкласынын күчтүүлүгү, ниетинин түздүгү, каржылары жана согуштары Меккенин ачылышынан мурда, аябай муктаждык болуп турган учурда болгону үчүн.
03
Benefits
Сахабаларга тил тийгизүү арам, чоң күнөө.
Attribution
[Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]
Categories
Share
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

